Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Байден: "Жапырт иммунитетке жетүү оор"


АКШ президенти Жо Байден. 4-февраль, 2021-жыл
АКШ президенти Жо Байден. 4-февраль, 2021-жыл

Кошмо Штаттарда жайдын соңуна чейин америкалыктардын коронавируска каршы жалпы иммунитетин пайда кылуу кыйла оор болот. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден 7-февралда CBS News каналына берген интервьюсунда билдирди. Жапырт иммунитет калктын 75% ооруп бүткөндө же эмделгенде гана пайда болот. Байдендин айтымында, буга вакцина маселесинен тышкары вирустун жаңы мутацияланган түрлөрүнүн улам пайда болуп жатышы маселе жаратууда.

Израилде жүргүзүлгөн иликтөө "Pfizer/BioNTech" вакцинасы вирустун британ түрүнө да туруштук бере аларын көрсөттү. Израил тогуз миллион калкынын 1/3 бөлүгүн эмдөө менен дүйнөдө алдыда баратат.

Ал эми Түштүк Африка медкызматкерлерди "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасы менен эмдөөнү токтотту. Себеби клиникалык сыноо бул өлкөдө жайылган коронавирустун жаңы түрүнөн аталган вакцина сактай албастыгын көрсөткөн.

Бразилияда пайда болгон коронавирустун жаңы түрү пандемиянын биринчи толкунунда эле катуу жабыркаган Манаус шаарын каптады. Мындан улам вирустун бул штаммы мурда ооруп бүткөндөргө дагы жугушу мүмкүн деген кооптонуу жаралды. Бразилиялык штамм Европа, Канада, АКШ жана башка мамлекеттерде аныкталган.

XS
SM
MD
LG