Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:06

Индияда муз көчкү жүрүп, 170тей адам дайынсыз


Муз көчкү түшкөн жер. 8-февраль, 2021-жыл.
Муз көчкү түшкөн жер. 8-февраль, 2021-жыл.

Индияда мөңгүдөн муз бөлүнүп түшүп, курулуп жаткан гидроэлектрстанцияны басып калды. Ошондой эле өлкө түштүгүн сел капташына түрткү болду.

Кеминде 14 киши өлүп, 170тей адамдын дайыны белгисиз. Алардын көбү - гидроэлектростанциянын курулушунда иштегендер.

Бийлик сел каптаган Уттаракханд штатында жашагандарды коопсуз жайга көчүрдү. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди «Өлкөбүз менен ал жактагылардын баарынын амандыгын тилеп жатабыз»-деп «Твиттерге» жазды.

Муз көчкү 8-февралда Гималай тоо кыркаларына кирген Индиянын экинчи бийик чокусу Нандавиден түшкөн. Табият кырсыгы алыскы аймакта болгондуктан, муздун көлөмү жана ал эмнеден улам түшкөнү азырынча белгисиз. Айрым эксперттер буга глобалдык жылуулук түрткү болушу мүмкүн экенин боолгоп жатышат.

Экологиялык уюмдар көчкү тоонун этегинде жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин айынан болду деген версиясын айтышууда.

XS
SM
MD
LG