Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Пневмония менен ооруган 150дөн ашык бала ооруканада жатат


Ооруканада кезек күткөн ата-энелер.
Ооруканада кезек күткөн ата-энелер.

Бишкектеги Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда сасык тумоосу күчөп кеткен балдардын саны көп болууда.

Өпкө кагынына учураган балдар да көбөйгөндүктөн аталган борбор 150 орундук бир блокту өзүнчө бөлдү.

Бул тууралуу "Азаттыкка" 8-февралда Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди:

"Жылдагыдай эле кышында аба аркылуу жуккан сасык тумоо балдар арасында көп катталып жатат. Мындан тышкары биздин борборго пневмония менен ооруган балдарды көп алып келишүүдө. Орун жетпей калгандыктан борбордо 150 керебеттен турган бир блокту атайын ушул пневмония болгондор үчүн бөлдүк. Азыр 150дөн ашуун бала өпкө кагыны менен ооруканада дарыланууда. Арасынан мурда өнөкөт оорусу болуп, ага кошумча пневмония менен ооруп калгандар чарчап калган учурлар да болууда".

Узакбаевдин айтымында, коронавирустан азырынча Кыргызстанда балдар арасында өлүм каттала элек.

Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда жыйырмадан ашуун реанимациялык орун бар. Азыркы тапта анын баарында кичинекей бейтаптар дарыланууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 8-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан беш адам каза тапты. 42 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1431 кишиге жетти. (BCh)

XS
SM
MD
LG