Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Кой-Таш окуясы: Каза болгон офицердин апасы саясатчы Равшан Жээнбековду сотко берерин айтты


Өктөм Мамева (ортодо).
Өктөм Мамева (ортодо).

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын (УКМК) 2019-жылдагы Кой-Таш окуясында каза болгон офицери Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековду сотко берүүгө камданып жатканын бүгүн, 8-февралда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди.

Мамаева саясатчы анын уулун адам өлтүрүүгө айыптаганы үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө милдеттүү деп эсептейт:

“Сотко берилет. Жооп берсин. Мыйзам чегинде жооп берүүгө милдеттүү ар бир адам”.

Равшан Жээнбеков ар бир адам сотко кайрылууга укуктуу экенин, УКМКнын ошол кездеги жетекчилери өз күнөөсүнөн коркуп, Кой-Таш окуясынын видеолорун бекитип коюшканын, ошол маалыматтар ачыкка чыкса “элге ким атканы, ким сабаганы” белгилүү болорун белгиледи жана Ниязбеков тууралуу айтканы чын экенин, ошондой кадамга барууга Мамаеванын айыптоолору түрткү болгонун билдирди:

“Оозго алгыс, адам чыдагыс сөздөрдү айтат. Биз 1,5 жылдан бери ошого чыдап келе жатабыз. Ачуум келип айтып жибергеним чын. Бирок ошонун далили бар. Себеби атайын кызмат автоматтар менен барып, тынч жаткан элди атып жатпайбы. Далилдер бар, дагы далилдер чыгат”.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы 2019-жылдын август айында анын Кой-Таш айылындагы үйүндө өткөн. Бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG