Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Фонд президентке берилген машине Усубалиевге таандык эмес экенин билдирди


Президент Садыр Жапаровго Усубалиевдики деп берилген автоунаа. Сүрөт Жапаровдун "Инстаграмдагы" баракчасынан алынды.
Президент Садыр Жапаровго Усубалиевдики деп берилген автоунаа. Сүрөт Жапаровдун "Инстаграмдагы" баракчасынан алынды.

Кыргызстандын мурдагы жетекчиси, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин атындагы фонд президент Садыр Жапаровго белекке берилген машине Усубалиевге таандык эмес экенин маалымдады. Бул тууралуу фонддун сайтында жазылды.

Анда Усубалиевдин үй-бүлөсү «00-01 ФИА» номерлүү автоунаа Турдакун Усубалиевге таандык экени жөнүндө маалыматы жок деп белгиленген. Ошондой эле сайтта Мамлекеттик каттоо кызматынын аталган автоунаа Кыргызстанда катталбаганы жөнүндө 2016-жылы берген маалымкаты тиркелген.

9-февралда “Кабар” улуттук маалымат агенттиги президент Садыр Жапаровдун социалдык тармактагы баракчаларына таянып Кочкордон келген Бакай аттуу тургун Турдакун Усубалиевге таандык деген «00-01 ФИА» номерлүү автоунааны президентке белекке бергенин жазды. Анда президент автоунааны Улуттук тарых музейине өткөрөрүн билдирген.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек Кызыл Туу» жана башка ордендерди алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG