Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Мурда соттолгон адам Жапаровдун кеңешчиси экени тууралуу маалымат төгүндөлдү


Президенттин кеңсеси жайгашкан имарат.
Президенттин кеңсеси жайгашкан имарат.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан Андрей Акимов бул кызматтан 3-февралда бошотулган. Бул тууралуу 9-февралда “Азаттык” радиосуна мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, Акимов президентке кеңешчи болуп 2020-жылдын 11-ноябрында дайындалган жана бул кызматта коомдук негизде гана иштеп жаткан.

Галина Байтерек 8-февралда интернетте Акимов буга чейин Казакстанда соттолгону тууралуу маалымат чыкканын, бирок ал азыр президенттин кеңешчиси эместигин айтты.

8-февралда Кыргызстандагы маалымат сайттарынын бири Жапаровдун инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча кеңешчиси Акимов мурда маңзат ташуу үчүн соттолгонун, Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө тиешеси бар экенин жазып чыккан.

Акимов өзү же анын жактоочулары бул тууралуу комментарий берише элек. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG