Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:38

ТИМ: Кыргызстан Садыр Жапаровдун Орусияга сапарына олуттуу маани берет


Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Кыргызстан президент Садыр Жапаровдун Орусияга пландалып жаткан сапарына олуттуу маани берет. Бул тууралуу 9-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, министр Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алып, сапарга даярдыкты талкуулады. Президенттин Орусияга сапары кыргыз-орус мамилелерине кошумча дем берип, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн натыйжалуу саясий негиз болорун айтты.

Казакбаевдин белгилешинче, кыргыз тарап бул сапар учурунда экономика, айыл чарбасы, соода-сатык, энергетика, кен иштетүү жана өнөр жай кооперациясы багыттары боюнча маселелер талкууланарына үмүттөнүп жатат.

Садыр Жапаровдун президент катары алгачкы расмий сапары Казакстандан башталарын кошуна өлкөнүн президентинин расмий сайты 11-январда жазган.

26-январда президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек мамлекет башчы Садыр Жапаров чет өлкөдөгү алгачкы иш сапарын Орусия Федерациясында өткөрөрүн билдирген.

Сапардын так датасы азырынча айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG