Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Матраимовдун соту: Алгачкы отурум жабык өттү, иш 18-февралда каралмай болду (видео)


Райымбек Матраимов сот залында. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2021-жылдын 9-февралы.
Райымбек Матраимов сот залында. Бишкектин Биринчи май райондук соту. 2021-жылдын 9-февралы.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланыштуу иши боюнча алгачкы сот отуруму жабык өттү.

Жарым сааттай уланган отурумдун башталышына чейин журналисттер сүрөт жана видеого тартууга мүмкүнчүлүк алышты. Бирок отурум башталганда судья видеого тартууга тыюу салды. Сот залы тар болуп калганы айтылып, журналисттер сыртка чыгарылып, эшик алар үчүн жабык болду.

Отурумдан чыккан Матраимов жана анын адвокаттары журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты.

Соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" "Киши көп келери белгисиз болгон. Зал кичине болуп калды. Башка зал издесек табылган жок. Ошондуктан башка күнгө жылдырылды" деп билдирди.

Соңку маалыматка караганда, кийинки отурум 18-февралга белгиленди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 миллиард сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG