Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Матраимовдордун үч медиага каршы доо арызы боюнча сот уланат


Райымбек Матраимовду кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.
Райымбек Матраимовду кармоо учуру. УКМКнын сүрөтү.

Бишкектин Свердлов райондук соту 3-февралда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, эркин журналист Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча ишти карайт.

15-январга белгиленген сот жараяны жубайлар Райымбек жана Уулкан Матраимовдордун фамилиялары өзгөртүлгөнүнө байланыштуу 3-февралга жылдырылган.

Судья Жылдыз Ибраимова Райымбек Матраимовдун фамилиясы Исмаилов, ал эми аялы Уулкан (Аманда) Тургунованын фамилиясы Сулайманова болуп өзгөргөнүнө байланыштуу ишеним кат алып келүүнү адвокатына милдеттендирген.

12-ноябрдагы соттук териштирүү Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлү келбей калгандыктан, 11-декабрга белгиленген сот жараяны судья Жылдыз Ибраимованын жоктугуна байланыштуу кийинкиге калтырылган.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, журналист Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын былтыр 9-декабрда бул үч медиада жарыяланган иликтөөлөрдөн кийин сотко берип, жалпысынан 60 миллион сомдук доо койгон. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тарткан.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана аты бар, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов быйыл 20-октябрда кармалган.

Ошол эле күнү анын бөгөт чарасын караган Биринчи май райондук соту Матраимов тергөө менен кызматташууга макул болгонун, мамлекетке келтирген чыгымын толугу менен төлөп берүүгө убада бергенин эске алып, аны эч кайда кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде үй камагына чыгарган.

Былтыр жыл аягында Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык иштерден мамлекетке келтирген 2 миллиард сомду толугу менен кайтарган. Ал бул каражаттын 1 миллиард 400 миллион сомун акча менен, калганын бир соода борбору, тогуз батир менен төлөдү.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр Райымбек Матраимовду жана анын жубайын «Магнитскийдин тизмесине» киргизген. (BTo)

XS
SM
MD
LG