Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Матраимовдун иши боюнча алгачкы сот отуруму 9-февралга белгиленди


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча алгачкы сот отуруму 9-февралга белгиленгени, иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралары белгилүү болду. Мындай маалыматты Жогорку соттун басма сөз кызматы бышыктады.

Буга чейин алгачкы сот отуруму 3-февралга белгиленгени тууралуу маалымат тарап, аны да басма сөз кызматы бышыктаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2020-жылдын 17-октябрында Мамлекеттик бажы кызматындагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында 20-октябрда Райымбек Матраимовду кармаган.

УКМК Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү мекеме кылмышка шектүүнү үй камагына чыгарып, муну мамлекетке келтирилген 2 млрд. сом чыгымды төлөп берүү жөнүндө убадасы менен негиздеген. Кийинчерээк Матраимов белгиленген сумманы төлөп бүткөнү жарыяланган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте уюштурган басма сөз жыйынында Матраимовго дагы жаңы кылмыш иши ачылганын билдирген:

«Эми Матраимовго сырт жакта кылган кылмыштары, башка өлкөлөр (Кытай, Өзбекстан, Казакстан, Орусия ж.б.) менен аткезчилиги боюнча жаңыдан кылмыш ишин ачып, ошону тергей баштадык. Эми биз сырт жакка чыгабыз. Анын сырттагы кайсы бир мүлкү болсо, ошолорду да тактайбыз. Дубайда, Америкада, Европада мүлкү бар деп жатат. Матраимов үй камагында калат. Аны өлкөдөн чыгарбайбыз, иштер такталып бүткүчө».

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG