Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:05

Ташиев: Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 2 млрд. сомду толук кайтарып бүттү


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке төгө турган акчаны толук төлөп бүттү. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди:

«Далилдер Матраимовдун күнөөсүн моюнга алышына, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшүүсүнө жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзүн ачуусуна себеп болду».

Анын айтымында, айтылган акчанын 1 миллиард 400 миллион сому акча менен, калганы бир соода борбору, тогуз батир менен төлөндү.

Соода борбору мамлекетке өткөрүлүп, сегиз батир атайын кызматтын кызматкерлерине, бир батир балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге берилмей болду.

Ташиев Матраимовдун айыбы боюнча маанилүү жана айныксыз далилдер табылганын билдирип, ага катара козголгон иш жакын арада сотко жөнөтүлөрү айтылды.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

Өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров Матраимов мамлекетке төлөөгө милдеттендирилген 2 миллиард сомду ноябрдын аягына чейин төгүп бере турган болгонун 3-ноябрда «Region» телеканалындагы маегинде билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG