Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Ташиев: Жогорку Кеңештин бир депутатын кармадык


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин бир депутаты кармалып, сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Бул тууралуу 24-декабрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бирок ал кайсы депутат тууралуу сөз болуп жатканын ачык айткан жок:

«Ар бир аткаминерди, министрди, депутатты декларациясы боюнча текшеребиз. Биз бир депутатты кармадык. Анын аты-жөнүн азыр айтпайм. Ал сегиз жыл мурда жасаган бир чоң кылмышы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө акча төгүп жатат. Биз ага шарт койгонбуз, ал акчанын жарымын төгүп бүттү».

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары ар алты ай сайын журналисттер менен жолугушуу өткөрүп, маалымат берип турарын айтты. Ал атайын кызматтын башчысы болуп октябрдагы бийлик алмашуудан кийин дайындалган. (RK/BTo)

XS
SM
MD
LG