Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Садыр Жапаров: «Раим-Миллион» камалат


Садыр Жапаров. 8-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. 8-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров айрым маалымат каражаттары аны «Матраимовдор жана Жээнбековдор менен байланышта» деп жазып жатышканын айтып, эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн билдирди:

- «Раим миллион» камалат. Мен азыр толук ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин камалат, - деди Жапаров 8-октябрдын кечинде Өкмөт Үйүнүн алдында тарапташтарынын алдына чыкканда.

"Азаттыктын" журналисттик иликтөөлөрү Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов түзгөн коррупциялык схеманы ашкереленген.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

Буга чейин бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен.

Садыр Жапаров өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирди. Юристтер Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө Конституциянын бир нече беренеси бузулганын жарыялашкан.

Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүүдө мыйзам сакталдыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

XS
SM
MD
LG