Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:17

Садыр Жапаров: Сооронбай Жээнбеков «арызымды жазып, кетип калайын» деп айттырды


Садыр Жапаров. 6-октябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров. 6-октябрь, 2020-жыл.

Садыр Жапаров 8-октябрдын кечинде Бишкектеги Өкмөт Үйүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков «бир депутат аркылуу «кызматтан кетүү тууралуу арызымды жазып берейин» деп айттырыптыр» деп билдирди.

«Сооронбай Жээнбеков болсо, ачыгын эле айтайын, бир депутат аркылуу «мен өзүмдүн каалоом менен арызымды жазып берип кетейин» деп айттырыптыр. Мен «макул» дедим. Тынчтык жолу, тез жолу ушул болот», - деди Жапаров.

Сооронбай Жээнбеков өзү же анын аппараты бул билдирүүгө комментарий бере элек.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбеков буга чейин парламент спикери деп жарыяланган Мыктыбек Абдылдаев менен телефондон сүйлөшкөнүн "Азаттыкка" тастыктаган. "Президент азыр болуп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштыруу, легитимдештирүү зарылдыгы турганын, ошондуктан өкмөттүн курамы болобу же башка органдардагы кадрдык өзгөрүүлөр болобу, жарлык жана парламент тарабынан сунушталчу расмий кагаздарга кол коюуга, сүйлөшүүлөргө даяр" экенин Стамалиева белгилеген.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган.

Жогорку Кеңештин калган депутаттары, бир катар саясий күчтөр, люстрацияны талап кылган жаштар Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка сунушталышын мыйзамсыз деп табышкан.

Садыр Жапаров өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG