Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

COVID-19: Кыргызстан Орусиянын жана Кытайдын вакцинасын колдонууну караштырууда


Өкмөттүн жыйыны.2021-жылдын 11-февралы.
Өкмөттүн жыйыны.2021-жылдын 11-февралы.

Кыргыз өкмөтү элди коронавируска каршы эмдөө үчүн Орусиянын жана Кытайдын вакциналарын колдонуу маселесин караштырып жатат. Бул тууралуу 11-февралда премьер-министр Улукбек Марипов эпидемиологиялык кырдаал боюнча өткөргөн жыйында айтылды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында COVAX программасынын алкагында вакциналар өлкөгө март айында, кийинки бөлүгү экинчи кварталда келери айтылды.

Эмдөө ыктыярдык негизде өтөрү, алгач мугалимдер жана дарыгерлер эмделе турганы маалым болду.

Жалпы билим берүүчү мектептер менен бала бакчаларды кайра ачуу маселеси да каралды.

«Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун саны көбөйүү ыктымалдыгына толук даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашынын ыктымалдыгын эске алуу менен дары-дармектин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болушу тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектин корун жогорулатуу керек», - деди Улукбек Марипов.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы "AstraZeneca" вакцинасын колдонорун өткөн жумада кабарлаган.

11-февралга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусунан каза болгондор 1437ге жетти.

Оору жугуп, ПЧР тести менен аныкталгандар 85 328 адам болду.

Коронавирус жуккандан кийин абалы оорлошуп кеткен 117 киши ооруканада жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG