Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Зульфия Зилалиева: Күйөөмө каршы көрсөтмө бергендер эми аны колдоп жатышат


Зульфия Зилалиева. Архивдик сүрөт.
Зульфия Зилалиева. Архивдик сүрөт.

Райондук сотто мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге каршы берилген айрым көрсөтмөлөр шаардык сотто өзгөрүлүп айтылып жатат. Бул тууралуу 11-февралда анын жубайы Зульфия Зилалиева журналисттерге билдирди:

“Күбөлөрдүн көбүн психологиялык басым менен суракка алышканы белгилүү болуп жатат. Көп күбөлөр мурда берген көрсөтмөсүн менин күйөөмдүн пайдасына өзгөртүп айтып жатышат. Бул иш жалаң фальсификация жана менин күйөөмдү атайылап каралоо аракети экени айкын болууда”.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айтып келет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен анын абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген.

Жактоочулардын апелляциялык арызы боюнча бул ишти азыр шаардык сот карап жатат. Ага күбө катары экс-президент Сооронбай Жээнбеков чакырылган.

Экс-президенттин адвокаты Жыргалбек Бабаев Жээнбеков сотко барууга милдеттүү эмес экенин билдирип, Зилалиев өз ишине саясий өңүт берүүгө аракет кылып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG