Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Зилалиевдин адвокаты УКМКга арызданды


Дүйшөнбек Зилалиев.
Дүйшөнбек Зилалиев.

Экс-премьер-министр Дүйшөнбек Залилиевдин адвокаты Самат Матцаков Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын кызматкерлерине каршы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) арызданды.

Коррупцияга катышкан деген айып боюнча Зилалиевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Матцаков «Азаттыкка» арызды 18-сентябрда жазганын билдирди. Ал УКМКга кайрылууга Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүнүн арызы катталбай калганы себеп болгонун айтты.

Адвокат Аскер прокуратурасы менен Башкы прокуратуранын кызматкерлери иштин материалдары менен таанышууга жолтоо болду деген негизде арыз жазган.

"Августта менин адвокаттык ишмердигиме тоскоол болуп жатышат деп Башкы прокуратурага эки жолу арыз жазгам. Бирок менин арызым Аскер прокуратурасына жиберилген. Аскер прокуратурасынан майнап чыккан жок. 18-сентябрда УКМКга Аскер прокуратурасы менен Башкы прокуратуранын кызмат адамдарына каршы арыз жаздым. Анткени, менин арызым мыйзам бузуу менен реестрге катталбай, Аскер прокуратурасына жиберилген. Башкы прокуратура милициянын тергөөчүсү ишти реестрге каттабай койгону үчүн кылмыш иш ачкан учурлар бар. Бирок прокуратура кызматкерлерине андай кылбайт. Бул жерде кош стандарттуулук болуп жатат ",- деди ал.

Башкы прокуратура адвокаттын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Дүйшөнбек Зилалиев эки кылмыш иш боюнча айыпталууда.

Башкы прокуратура ал 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Мындан тышкары Аскер прокуратурасы Терек-Сай алтын кенин иштетүү үчүн мыйзамсыз лицензия берген деген айыптын негизинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Зилалиевге козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Дүйшөнбек Зилалиевге бул кылмыш ишинде коррупцияга катышкан деген айып коюлган. Бул ишти мекеме аралык тергөө тобу иликтеп чыккан.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында отурат. Ал айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (NT)

XS
SM
MD
LG