Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев абакка кайтарылды


Дүйшөнбек Зилалиев. Архивдик сүрөт.
Дүйшөнбек Зилалиев. Архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 13-октябрда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев кармалып, тергөө абагына кайтарылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында 6-октябрга караган түнү соттун мыйзамсыз чечими менен камактан бошотулган Зилалиев 12-октябрда кайтарылганы айтылат.

УКМК камактан мыйзамсыз чыгып кеткендерди табуу жана кармоо боюнча иштер уланып жатканын кошумчалады.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү массалык тополоң жана президенттик аппараттын, парламенттин, УКМКнын кеңсеси жайгашкан имараттарга кирип баруу менен аяктаган.

Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек Жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыгып кетишкен. Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министр болгону айтылган Садыр Жапаров да бар болчу.

Жапаровдун жактоочулары анын бошонушу жана шайланышы мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептешүүдө. Атамбаев жана анын тарапкерлери 10-октябрда кайра камалышты.

5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча жети жылга эркинен ажыратылган. Буга чейинки жазаны жарым-жартылай кошуу менен Зилалиевдин абак мөөнөтү жалпысынан тогуз жыл деп чегерилген. Мындан тышкары, ал үч жылга чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жок болот.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. 2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз түрдө камалганын айтып жүрөт. (NT)

XS
SM
MD
LG