Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Коронавирустан Ош облусунда бир адам каза болду, өлкөдө 75 бейтап жаңы катталды


Ош шаарындагы карантин маалы. 2020-жылдын апрель айы.
Ош шаарындагы карантин маалы. 2020-жылдын апрель айы.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 11-февралдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан Ош облусунда бир адам каза тапты. 75 кишиге вирус жукканы маалым болду.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган былтыркы март айынан бери илдеттин курмандыктары 1437 кишиге жетти.

Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 85 328 адам болду. Андан айыгып чыккандар - 82 006 адам.

Ооруканада 427 бейтап дарыланууда, алардын ичинен 26сы өтө оор абалда, 117си оор болуп жатат. 522 бейтап амбулатордук негизде дарыланууда.

11-февралда медицина кызматкерлеринин арасынан коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок, экөө айыгып чыкты.

Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны 4192 болду, алардын ичинен 4107 айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлер 90дон ашты. (BCh)

XS
SM
MD
LG