Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Бакыт Нурдинов: Садыр Жапаров шайлоого кетти деген акча муфтияттын эсебине кайтарылган


Бакыт Нурдинов
Бакыт Нурдинов

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов «Азаттыкка» комментарий берип, президент Садыр Жапаровдун муфтияттагы акчага байланыштуу билдирүүсүнө ойлорун айтты.

Ал ажылыкка чогултулган 18 миллиондой доллар акчанын 7,5 миллион доллары зыяратчыларга кайтарылып берилгенин, 10-11 миллиондой доллар муфтияттын «РСК-Банктагы» эсебинде турганын маалымдады. Нурдинов мамлекет башчынын «мунун бир бөлүгү шайлоого иштетилип кеткен» деген сөзүнө мындайча түшүндүрмө берди:

«Садыр Нургожоевич финансист эмес да, анын адистери азырынча толук тактай электе ошентип маалымат берип жатат. 155 миллион сом чыгарылып, алты айдан кийин кайра кирген. Ошол акча шайлоого жумшалган деп айтып жатпайбы, менин андан кабарым жок. Аны биз тактай албайбыз. Бир гана нерсе - акча былтыр август айында келишим менен чыкканын билебиз, бирок, декабрда кайра муфтияттын эсебине кайтарылган. Бул жөнүндө Аалымдар кеңешине да маалымат берилген. Президентте толук маалымат жок окшойт, аны териштирүү иштерин толук бүтө элекпиз».

Президент Садыр Жапаров 11-февралда Коомдук телерадиоберүү корпорациясына берген интервьюсунда мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевдин кармалышына байланыштуу пикирин билдирип, буга ажылык сапарга барчулардан чогулган акча «чачырап кеткени» жана кайра кайтарылбаганы себеп деген оюн билдирген.

Жапаровдун айтымында, кеп ажыга барчулардан былтыр чогулган акча тууралуу болууда жана текшерүүнүн жыйынтыгында акча жетишпей жатканы аныкталган:

«16 миллиондон 8 миллионго жакын долларын алып, сомго айлантып, киреше алуу максатында банктарга процентке салышкан экен былтыр. Пайда көргөнчө доллар 15 сомго өсүп кетиптир. Пайда көрмөк түгүл булар чыгым тартып калышыптыр. Чыгымы эле 685 миң доллардын тегерегинде. Андан сырткары 155 миллион сомун былтыр август айында «бир фирмага бердик» деп, ал фирма шайлоого бир партияга колдонуп салат. Бүгүнкү күндө да акча толук кайтарылбай турат. Ажылыкка бара тургандар акчасын сураса жарым жартылайы бериле элек экен»,-деген Садыр Жапаров.

Жапаров: Муфтият зыяратка делген акчаны иштетип келген
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:25 0:00

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан Максатбек Токтомушевдин арызын карап, канааттандырды.

Токтомушев 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилген. Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган. Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Өткөн жумада Токтомушев «Азаттыкка» курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.

11-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Өкмөт үйүнүн алдында адамдар чогулуп, Максатбек Токтомушевдин ишин калыс иликтөө жана аны камактан бошотуу керек деген пикирин билдиришкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG