Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Аалымдар кеңеши Токтомушевдин муфтийликтен кетүү тууралуу арызын канааттандырды


Максатбек Токтомушев. Архивдик сүрөт.
Максатбек Токтомушев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши бүгүн, 11-февралда кезексиз жыйын өткөрүп, муфтий Максатбек Токтомушевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, канааттандырды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна кеңештин төрагасы Абибилла Кадырбердиев билдирди.

Кадырбердиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) муфтияттагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу айыптоосуна байланыштуу маселе каралбаганын “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

“Ал жөнүндө Аалымдар кеңешинин эч кандай маалыматы жок. Себеби ал иштер банкта болгон. Банкка кирүү укугу муфтий менен муфтияттын башкы эсепчисинде гана болгон. Башка эч кимде кабар жок. Борбордук текшерүү комиссиясы өзүнүн актын берди. Ал муфтияттын банктан сырткаркы каржы иштери боюнча отчету”.

Бүгүнкү жыйында Аалымдар кеңешинин кезектеги курултайын 5-апрелде өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Муфтий Максатбек Токтомушев кызматтан өз эрки менен кетип жатканын башкармалыктын маалымат кызматы 10-февралда билдирген. Ошол эле күнү ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына шектүү катары киргизилгени белгилүү болду.

Ага чейин УКМК муфтияттын башкы эсепчисин кармап, камакка алган.

Атайын кызмат муфтиятта каржылык мыйзам бузуу болгонун айтууда.

Токтомушевдин жакындары же анын адвокаты УКМКнын айыптоосу тууралуу эч кандай комментарий бере элек.

Максатбек Токтомушев өткөн жумада "Азаттыкка" курган маегинде ажылыктын акчасы боюнча үн катып, айтылып жаткан айыптоолор жалаа экенин билдирген.

Токтомушевдин тарапташтары бүгүн атайын кызматтын жана өкмөт үйүнүн жанында нааразылык акциясына чыгып, кылмыш ишти муфтийди үй камагына чыгарып териштирүүнү талап кылышты.

Аалымдар кеңеши Кыргызстанда мусулмандар курултайынан кийинки жогорку орган болуп саналат. 21 кишиден турган кеңештин мүчөлөрүн куралтай үч жылга шайлайт. (AiB/RK)

XS
SM
MD
LG