Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

Бишкекте эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда


Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун реанимациясы
Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун реанимациясы

Бишкекте бүгүн, 12-февралда, №13 мектеп гимназияда вице-мэр Айжан Чыныбаева, Саламаттык сактоо министрлиги, шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчилери мектеп директорлору жана ата-энелер менен жыйын өткөрдү.

Жыйында аралыктан билим окутууну токтотуп, мектептерди ачуу маселеси талкууланды.

Анда сөз сүйлөгөн Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетекчисинин орун басары Айнагүл Рыскулбекова баш калаада коронавирус жана сасык тумоо инфекциясына байланыштуу абал кооптуу бойдон калып жатканын айтты.

"Январь айында Бишкекте 43 баладан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын 13ү мектеп окуучулары. Азыркы тапта дем алуу органдарынын курч оорулары менен сасык тумоо да күч алууда. Ошондуктан шаардагы балдар ооруканалары толуп калды. Январь айынан бери алты мугалимге оору жукту. Эпидемиологиялык кырдаал начар".

Жолугушууга келген Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова өлкөдөгү жалпы кырдаал тууралуу маалымат берди. Ал Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаевдин балдар арасында сасык тумоо жана пневмония оорулары күчөп жатканы тууралуу билдирүүсүн тастыктап, ата-энелерди жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

9-февралда Камчыбек Узакбаев "Азаттыкка" радиосуна январь, февраль айында балдар арасында сасык тумоо оорулары, анын ичинен өтүшүп кеткен пневмония дарты көбөйүп, 150дөн ашуун бала ооруканада жатканын, жыйырмадан ашыгы оор абалда экенин маалымдаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG