Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Түркмөн президенти уулун вице-премьерликке дайындады


 Сердар Бердымухамедов. 2018-жылдын 19-майы
Сердар Бердымухамедов. 2018-жылдын 19-майы

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 39 жаштагы уулун вице-премьерликке жана Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындады. Бул палата каржы-экономикалык маселелерди көзөмөлдөйт. Ошондой эле президент уулу Сердарды мамлекеттик коопсуздук кеңешинин курамына киргизди.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, Сердар Бердымухамедовду Жогорку көзөмөл палатасынын төрагалыгына дайындаардан мурда аталган мекеменин имаратында оңдоп-түздөө иштери жүргөн. Маалым болгондой ал жакта президенттин уулу эс ала турган терраса курулуп, коңшу жайгашкан карапайым тургундардын турак-жайларын сырдап чыгышкан. Ошондой эле ал үйлөрдүн тургундарына короого машинелерин токтотууга тыюу салынды.

Сердар Бердымухамедовдун саясий карьерасы 2016-жылы башталган. Алгач ал парламент депутаты болуп шайланган. Былтыртан бери ал Өнөр-жай жана курулуш министрлигин жетектеп келген.

Түркмөнстандын маалымат каражаттарында президенттин уулун "элдин уулу" деп аташат. Сердар көп ирет эл аралык жолугушууларга атасынын ордуна барган.

XS
SM
MD
LG