Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

Бердымухамедов түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү тууралуу китеп жазды


Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан тартып башкарып жатат.
Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан тартып башкарып жатат.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук каада-салт, жүрүм-турум тууралуу «Түркмөндөрдүн руханий дүйнөсү» деген китеп жазды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады. Анда китеп 12 бөлүктөн турары, «Түркмөнстан - нейтралитеттин мекени» деген ураан алдында жарыяланары айтылган. Ошондой эле «жашоонун көркөмдүгү», «жердеги бейпилдик», «тирүүлүктүн түбөлүктүүлүгү», «илим менен билим берүүнүн коомдун өнүгүшүндөгү мааниси», «дени сак жашоонун принциптери», «мээнеткечтик жана меймандостук» деген темалар чечмеленип берилгени көрсөтүлгөн.

Агенттик билдиргендей, китеп басмаканага жөнөтүлдү жана өлкөнүн Эгемен күнүнө карата президенттин жакшы белек болмокчу.

Бердымухамедов дары чөптөр, аргымак, чай жана башка темалар камтылган баш-аягы 40тан ашык китеп жазган. Анын эмгектеринин үзүндүлөрүн такай мамлекеттик телеканалдарда көркөм окуп турушат жана ал китебин белек кылганда ким болбосун өөп, чекесине тийгизип коюу салтка айланган.

Бердымухамедов Түркмөнстанды 2006-жылдан бери башкарып келатат жана адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып жүрөт.

XS
SM
MD
LG