Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:44

Бердымухамедов Жеңиштин 75 жылдыгына арнап ыр жазды


Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов.
Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 22-июнда өкмөттүн Ахал облусундагы көчмө жыйынында Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арнап жазган ырларын окуп берди.

Президент вице-премьерлерге неберелери жасаган түркмөндөрдүн улуттук тумарын, каркыралар тартылган сүрөттү тартуулады. Расул Гамзатовдун «Каркыралар» деген чыгармасынын негизинде жазылган ырын окуп берди.

Бердымухамедовдун ырынын котормосун жергиликтүү расмий маалымат каражаттары басып чыгарышты. Ошондой эле президенттин чоң атасы Бердымухамед Аннаевдин согушка катышканы белгиленди.

XS
SM
MD
LG