Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:10

Түркмөн президенти 815 кишиге ырайым берди

Гурбангулы Бердымухаммедов.
Гурбангулы Бердымухаммедов.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 815 кишиге ырайым берди. Тиешелүү жарлыкка 24-сентябрда кол коюлган.

Мунапыска илингендердин арасында үч чет өлкөлүк жаран бар.

Түркмөнстанда президент түрдүү майрамдарга карата түрмөдөгү адамдарга ырайым берип келет. Акыркы жолу Бердымухамедов Кадыр түндүн алдында 1 400 кишиге мунапыс жарыялаган.

Бирок саясий жана диний негизде куугунтукталып, узакка камалган жүздөгөн адам президенттин мунапыстары менен эркиндикке чыга элек.

XS
SM
MD
LG