Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Түркмөн президенти ЖМКны сындап, өкмөттө өзгөртүү болорун эскертти


Гурбангулы Бердымухамедов.
Гурбангулы Бердымухамедов.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттү «өлкө жетишкендиктери» менен «экономикалык маселелердин чечилиши» жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) жакшы чагылдырылбай жатканы үчүн сынга алды. Ал ушундан улам министрлерге жакында өзгөртүүлөр болорун эскертти.

Бердымухамедов Маданият министрлиги менен ЖМКнын башчыларын өздөрүнүн материалдык-техникалык кубатын толугу менен пайдалана албай жатат деп айыптады жана жагдайды ондоону тапшырды.

Түркмөн президенти бул тууралуу өткөн аптада премьер-министрдин ЖМКны көзөмөлдөгөн орун басары Мяхриджемал Мамедов өкмөттүн жыйынында баяндама жасап жатканда айтты. Мамедов бул кызматка июлдун башында эле дайындалган болчу. Ушул эле жыйында түркмөн президенти билим берүү министринин орун басары Мердан Гавшудованы ишиндеги «олуттуу кемчилик» үчүн кызматтан алды.

Бердымухаммедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов көз жумгандан бери Түркмөнстанды башкарып келет. Ал адаттан тыш жүрүм-туруму менен эл аралык коомчулукту таң калтырып жүрөт.

Адам укуктары жана жарандык эркиндиктин абалы боюнча Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жабык жана репрессивдүү мамлекеттердин катарында турат. Былтыр «Чек арасыз кабарчылар» уюму Түркмөнстандагы басма сөз эркиндиги Түндүк Кореядан да начар экенин билдирип, бул өлкөнү дүйнө мамлекеттеринин ичинен эң акыркы орунга жайгаштырган.

XS
SM
MD
LG