Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Жапонияда аткаминер аялдарды кемсинткени үчүн кызматтан кетти


Есиро Мори.
Есиро Мори.

Жапонияда Олимпиада комитетинин башчысы аялдарды кемсинткени үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

83 жаштагы Есиро Мори жыйындардын биринде комитетке мүчө аялдар оюн кыска-нуска билдире албай турганын айткан. Ал ошондой эле «аялдардын чубалжыган билдирүүлөрү кыжыр келтирерин» да кошумчалаган. Моринин бул сөздөрү катуу сынга кабылып, коомчулук анын кызматтан кетишин талап кылган. Мори 12-февралда кызматын тапшырып жатып айткан сөзү үчүн кечирим сурады.

Есиро Мори 2000–2001 жылдары жапон өкмөтүн жетектеген. Былтыр пандемияга байланыштуу жылып калган Олимп оюндары Жапонияда быйыл өтөрү пландалып жатат.

Бийлик быйыл дүйнөдө кырдаал кандай болбосун Олимпиада өтөрүн билдирген.

Жапонияда эмдөө өнөктүгү башка өнүккөн мамлекеттерге салыштырмалуу кечигип жатат. "Pfizer/BioNTech" компанияларынын вакцинасынын алгачкы партиясы Токиого 12-февралда гана келди. Жакын арада эмдөө башталары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG