Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:14

COVID-19: Жапония ооруканага жатпай жүргөндөрдүн жазасын катуулатат


Жапония. Иллюстрациялык сүрөт.
Жапония. Иллюстрациялык сүрөт.

Жапонияда премьер-министр Ёсихидэ Суга баш болгон жетекчилер коронавирустун жайылышына каршы эрежелерди сактоодон баш тартып жаткан ишкерлерди жана тургундарды жазалоо чараларын катуулатуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты.

Жалпы улуттук “Асахи” гезити ишемби күнү маалымдагандай, жаңы мыйзам кабыл алынса иш убактысын кыскартпай жаткан ресторандарга ири өлчөмдө айыппул салынат, ал эми коронавирус жугузуп алып, ооруканага жатпай жүргөн тургундар кылмыш жообуна тартылат. Долбоор парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Өлкөдөгү оппозиция өкмөттүн мындай сунушун кескин сынга алууда.

Жапонияда эпидемиологиялык абал былтыр ноябрь айында курчуй баштаган. Бүгүнкү күндө бул өлкөдө коронавирус 357 миң адамга жукту, алардын дээрлик 5 миңдейи көз жумду.

Дүйнөдө COVID-19 вирусу жуккан адамдардын саны 100 миллионго чамалады, алардын 2 миллиондон ашуунунун өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG