Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

Жапон өкмөтү чукул абалды узартууну чечти


Жапониядагы оорукана.
Жапониядагы оорукана.

Жапония борбор шаар Токио жана бир нече башка аймактарда чукул абал режимин дагы бир айга узартканы жатат. Өкмөт башка өнүккөн өлкөлөрдөн айырмаланып коронавирустан жапырт эмдөөнү айдын аягында баштамакчы. Эмдөө иштери үчүн жооп берген министр Таро Коно Европа Биримдиги вакцинаны экспорттоону токтото турууну чечкендиктен, иммунизация программасы кечеңдеши мүмкүн экенин эскертти.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) тобу Кытайдын Ухань шаарында иликтөөсүн улантып жатат. Адистер 2-февралда коронавирус алгач чыкканы кабарланган жандыктар базарына барып кетишти.

Европада Австриянын бийлиги 8-февралда айрым чектөөлөр жеңилдетилерин дүйшөмбүдө билдирди. Инфекциялангандар дагы эле көп болуп жатканы менен өкмөт карантиндин адамдардын психикасына жана экономикага тийгизген терс таасирин эске алганын белгиледи. Үчүнчү карантин былтыр 26-декабрда киргизилген. Бирок чаңгы курортторунун айрымдары ачык калган.

Бир катар башка өлкөлөр вирустун Британияда, Түштүк Африкада жана Бразилияда чыккан жаңы штаммдарына каршы чара көрүп жатышат. Орусия 1-февралда Британиядан жана ал жакка аба каттамдарга тыюуну 17-февралга чейин узартты.

XS
SM
MD
LG