Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

2020-жылы Кыргызстанда пневмониядан каза болгондор 2,2% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин 12-февралдагы маалыматы боюнча, 2020-жылы Кыргызстанда өпкө кагыны менен ооруган 41 миң бейтап катталган. Бул көрсөткүч 2019-жылы 29 миң болчу.

2020-жылы бул оорудан каза болгондор мурдагы жылга караганда 2,2% көп болду. Оору айрыкча Ысык-Көл облусу, Бишкек шаары жана Чүй облусунда көбөйгөнү билинди.

Улуттук статистика комитети 2019-жылы пневмониядан 626 адам каза болгонун, ал эми 2020-жылы 1 407 киши бул оорунун курмандыгы болгонун маалымдады.

Мурдагы жылы ар бир 100 миң адамга пневмониядан каза болгон 10 киши туура келсе, 2020-жылы бул көрсөткүч 37 адам болду.

Пневмониядан өлүмдүн орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогору болгону Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында белгиленди. Ал эми коронавирус инфекциясынан (COVID-19) болгон өлүм Бишкек жана Ош шаарларында, Талас облусунда белгиленди.

Кыргызстанда 2020-жылдын июль айына чейин пневмония менен коронавирус инфекциясынын эки башка эсеби жүрүп келген. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлиги бул эки эсепти бириктирген. (BCh)

XS
SM
MD
LG