Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Белекке китеп тартуулоо күнү Бишкекте жана Ошто белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Белекке китеп тартуулоонун эл аралык күнү быйыл Кыргызстанда кеңири белгиленгени жатат. 14-февралга пландалган иш-чараны билим берүү багытында ишмердүүлүк жүргүзгөн бир катар уюмдар уюштурууда.

Уюштуруучулардын айтымында, бул күнү Бишкекте жана Ошто адамдарда китепке болгон кызыгууну, сүйүүнү бала кезинен баштап калыптандырууга багытталган, баалуу белек катары китеп тартуулоого шыктандырган майрамдык акциялар өтөт.

Бишкектеги иш-чара Москва мамлекеттик университетинин Кыргызстандагы илимий-окутуу мектеп-комплексинде уюштурулат. Катышууну каалагандар бирден китеп көтөрө барса болот.

Китепкап жана башка буюмдарды колго жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулуп, китеп окуу боюнча сынактар өтөт.

Мындан тышкары, көзү начар көргөн балдар үчүн китеп жасоого керектүү атайын кагаз сатып алууга каражат чогултулат.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ар бир 1000 адамга жарык көргөн 288 китеп туура келет.

Өлкөдө түрдүү багыттагы миңден ашуун китепкана бар, алардын жалпы фонду 19 миллион китептин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG