Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

"Кадыровдун полку" Кремлден жардам сурады


Кадыров Грозныйда күч кызматтары менен, 2014-жыл
Кадыров Грозныйда күч кызматтары менен, 2014-жыл

Чеченстанда адамдарды кыйнап, өлтүрүүгө айыпталган «Кадыровдун полку» Владимир Путинден жардам суранып чыгышты. 

Беш жылдай чечен полициясында кызмат өтөгөн ага сержант Сулейман Гезмахмаев Чеченстанда «Кадыровдун полку» адамдарды эч тергөөсүз жана сот өкүмү жок эле жер төлөдө кыйнап, өлүм жазасына тарткан учурларды журналисттерге айтып берген.

«Мен чечен полициясында кызмат өтөгөм, киши өлтүрүүнү каалаган эмесмин» деген аталыш менен чыккан маекти «Новая газета» басылмасы 15-мартта жарыялаган.

Гезит бир нече жылдан бери 2017-жылы январда Чеченстанда болгон кандуу окуяны иликтеп, анда Кадыровдун «менчик армиясы» 27 кишини сотсуз жазалаганын, өлтүрүлгөн адамдар тууралуу четинен маалымат топтоп, баяндап келет.

Чечен бийлиги «террорчуларга каршы күрөш» деп түшүндүргөн бул операциялардын жүрүшүндө бийликке нааразы маанайдагылар, Кадыровго касташкандар же каяша айткандар, же кумса деген шек менен кармалгандар, же жөн гана туш келди камакка алууда кокустан колго түшкөндөр өлтүрүлгөн.

«Новая газета» басылмасынын иликтөөсү
«Новая газета» басылмасынын иликтөөсү

Бул жылдары «Кадыровдун полку» деп аталган чечен полициянын курамында атайын түзүлгөн отрядда кызмат өтөгөн Гезмахмаев анда жүздөгөн адамдардын суроо-сопкутсуз кармалып, аёосуз кыйноого алынып, кеминде 13 адамдын өлтүрүлгөнүнө күбө болгон.

«Кармалгандардын баары электр тогу менен кыйноого алынып, союл жана резинадан жасалган түтүк менен сабалган. Бутунан асылган адамдарды 100 литрдик суу куюлган челекке башы менен салып, тумчуктурушкан» деген Гезмахаев адамдардын кээ бири кыйноодон өлсө, кээ бири атылып, калганы муунтулганын айтып берген.

Гезмахаев бул күндөрү «Кадыровдун полку» жүргүзгөн камакка алуулар, кыйноо жана киши өлтүрүүлөр тууралуу көрсөтмөсү 37 баракка түшүрүлүп, расмий бекитилген.

Ал өзү 2017-жылкы окуялардан кийин аскерден кетип, үй-бүлөсү менен Чеченстандан чыгып кеткен. Европа өлкөлөрүндө башпаанек сурап жүргөн кезде «Новая газета» басылмасынын журналисттерине байланышка чыгып, көрүп-билгенин бөлүшкөн.

«Новая газета» басылмасына Гезмахмаевдин маеги чыккан соң Грозный шаарында полиция кызматкерлери анын үч тууганын кармап, суракка алган.

«Мемориал» укук коргоо уюмунун өкүлү Олег Орлов алардан күч кызматкерлери Гезмахмаевдин жакындары жүргөн жерди айтууну талап кылып, Гезмахмаевден гезитке берген маегинен баш тарткан, төгүнгө чыгарган кат алып келүү шарты менен бошотушканын маалымдайт.

Укук коргоочулар Чеченстанда «Кадыровдун полкун» жактоо боюнча жапырт өнөктүк башталганын белгилешет.

«Новая газета» басылмасынын баяндамасынан кийин Чеченстандын Коомдук палатасы Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылып, «тартип сактоо органдарынын кызматкерлерин коргоп калууга» чакырган. Ал кайрылууда мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу «полиция кызматкерлеринин абийирине жана ар-намысына шек келтирет» деп жазылат.

Республиканын маалымат министри, Кадыровдун жардамчысы Ахмед Дудаев болсо, Кремлди «Новая газета» басылмасын биротоло жаап салууга үндөгөн. Ал эми Чеченстандын Адам укуктары боюнча өкүлү Нурди Нухажиев «Мемориал», «Кыйноого каршы комитет» укук коргоо уюмдарын кескин сынга алган. Мындан тышкары 17-мартта Грозныйда аксакалдардын тобун борбордук аянтка алып чыгып, «Кадыровдун полкун» коргогон митинг өткөрүүгө аракет кылышкан. Анын соңунда полициянын курамындагы «Кадыровдун полку» Владимир Путинге видеокайрылуу жасап, аларды «фейк гезиттен» коргоп калууну суранышты.

«Биз, полициянын атайын максаттагы полкунун жоокерлери, сизге «Новая газета» сыяктуу фейк басылманын бузуку, жөнү жок айыптоолорунан коргоп калууну суранабыз. Биз сиздин каалагандай буйругуңузду аткарууга даярбыз» деп айтылат "Инстаграмга" жүктөлгөн видеодо.

Күч кызматкерлери аларга каршы «маалыматтык согуш жарыяланганын» ырастап, алар террорчулар менен күрөшүп келишкенин белгилешет.

Ошол эле кезде видеодогу бирөө «бардык курамга сөз тийгизбөө үчүн бирөөбүздү бул иштерге жоопкерчилик алууга мажбурлай башташты» дегени бар.

44 жаштагы Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектейт. Анын бийлиги Кремлдин колдоосу, административдик, анын ичинде күч ресурсу, андан тышкары Москвадан бөлүнгөң миллиарддаган рублга таянып турат.

Кадыров Орусиянын аймагында «менчик армия» түзүп алганы, анын жеке буйругун аткара турган атайын полк, батальондору тууралуу бир топ жылдан бери айтылып келет.

2016-жылы жарыяланган оппозициялык саясатчы Илья Яшиндин баяндамасында Рамзан Кадыровдун «менчик армиясы» Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары бааланган. Анда Кадыровдун күжүрмөн даярдыктагы, согушка жөндөмдүү, оң миңдеген желдеттери менен күзөтчүлөрү Орусиянын аймагында адам уурдоо, коркутуу, опузалап акча өндүрүү, киши өлтүрүү менен алектенишери белгиленет.

Чеченстанда бийликти сындаган укук коргоочу, журналист жана жөнөкөй жарандар куугунтукталып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып, республика башчысынан кечирим сураган учурлар аз эмес.

Адам укуктарын бузуу, куугунтук жана кыйноо үчүн Рамзан Кадыров жана анын жакындары АКШнын «кара тизмесине» алынып, санкцияларга кабылган.

Орусиядагы көз карандысыз «Новая газета» басылмасы бул иликтөөнү чыгарар күнү Москвадагы гезиттин кеңсеси «химиялык чабуулга» туш болгонун кабарлап, орус бийлигин муну иликтөөгө чакырып келет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG