Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

"Кумсаларга өчөшкөндөр" санкцияга илинди


"Терек" атайын отрядынын башчысы Абузайд Висмурадов.
"Терек" атайын отрядынын башчысы Абузайд Висмурадов.

Кошмо Штаттар "Кумсаларды тазалоо" операциясына тиешеси бар делген Чеченстандын күч түзүмдөрүнө жаңы каржылык санкцияларды киргизди.

АКШнын финансы министринин каржылык чалгындоо жана терроризм боюнча жардамчысы Сигал Манделкер билдиргендей, санкциялар "Терек" деп аталган ыкчам аракеттеги атайын топко каршы багытталган.

Аталган топ жана анын командири Абузаед Висмурадов Чеченстандагы кумсаларга каршы рейддерге тиешеси болгон деп ырасталууда.

Орусиялык жана эл аралык активисттер ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы операциялар тууралуу алгач 2017-жылдын башында коңгуроо каккан. Түндүк Кавказдагы бул аймакта "кумсаларды тазалоонун" экинчи толкуну 2018-жылдын аягында, быйылкы жылдын башында болгону кабарланган.

Көптөгөн фактыларга, Чеченстандан сыртка чыгып кетүүгө үлгүргөн кумсалардын билдирүүлөрүнө карабастан орус бийлиги ЛГБТ өкүлдөрүнүн укуктары бузулуп жатканын эки жылдан бери четке кагып келет.

Чеченстандагы кумсалардын укуктарынын бузулушуна каршы акцияга чыккан активист.
Чеченстандагы кумсалардын укуктарынын бузулушуна каршы акцияга чыккан активист.

Санкциялар Кошмо Штаттардын расмий адамдарына Орусияда жана башка мамлекеттерде адам укуктарын бузган жарандарга жана уюмдарга санкция салууга жол берген "Магнитский мыйзамынын" алкагында киргизилди.

“Адам укуктарын одоно бузганы” үчүн былтыр жыл соңунда Вашингтон тарабынан "Магнитский тизмесине" киргизилген Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров Вашингтондун жаңы санкцияларына "Телеграммдагы" каналы аркылуу жооп кайтарды:

"Бизди жасалма жол менен душманга айлантып жаткандарга айтарым: эгер силерде эркектик сапаттын кыпындай белгилери болсо бизге конокко келгиле, силер үчүн эсиңерден эч кетпес, кийин неберелериңерге да айтып жүрө турган Магнитскийдин тизмесин түзүп беребиз", - деп жазды чечен лидери.

Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров. Грозный. 10-май, 2019-жыл.
Чеченстандын лидери Рамзан Кадыров. Грозный. 10-май, 2019-жыл.

Ал эми Вашингтондогу орус элчилиги Кошмо Штаттардын бул санкцияларына жооп иретинде чара көрүлөрүн билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

2015-жылы Кремлден анча алыс эмес жерде атылган оппозиция лидери Борис Немцовдун өлүмүнө тиешеси бар деген кине менен АКШнын санкциясына кабылгандардын арасында мурдагы офицер, Кадыровдун жакын досу Руслан Геремеев да бар.

Ошондой эле 16-майда киргизилген санкцияга илингендердин арасында Карелиядагы абактын башчысы, Сергей Магнитскийдин 2009-жылкы өлүмүнө тиешеси бар эки адам бар.

"Магнитский актысы" АКШ Конгресси тарабынан 2012-жылдын соңунда кабыл алынган. Мыйзам Hermitage Capital фондунун юристи Сергей Магнитскийдин ысымынан аталган.

Юрист Орусиянын бюджетиндеги ири коррупциялык схемаларды таап, ачыкка чыгарган. Орус бийлиги аны "салык төлөөдөн качкан" деген айып менен камакка алган. Магнитский Москва СИЗОсунда 2009-жылы каза тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG