Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 12:50

Эстемировасыз 10 жыл. Жазасыз калган кылмыш


Наталья Эстемирова. Сүрөт 2007-жылдын октябрында тартылган.

Орусиялык укук коргоочу Наталья Эстемированын киши колдуу өлгөнүнө 15-июлда 10 жыл толду. Анын кызы жана укук коргоочулар бул кылмышты кылгандар алигиче аныкталбай, жазага тартылбаганына көңүлдү буруп келишет. Алар кылмыш үчүн чечен бийлиги, анын башындагы Рамзан Кадыров жоопкер деп эсептешет.

Наталья Эстемирова 1958-жылдын 28-февралында Уралда туулган. Орус-чечен үй-бүлөнүн тун кызы болчу. Атасы Хусейн Эстемиров бала чагында Чеченстандан Казакстанга депортация болгон. Апасы – Свердлов облусунда туулган экен. Наталья Эстемирова солкулдаган бийкеч кезинде Чечестанга кайтып келген. Грозныйдан жогорку билим алып, орто мектепте тарых мугалими болуп иштеп калат. Кийин журналистикага, анан укук коргоочулукка өтөт. 2000-жылдан тарта Наталья Эстемирова «Мемориал» укук коргоо борбору менен кызматташа баштаган.

Абак жайларын кыдырып, Чеченстанда уурдалып кеткендердин жакындары менен жолугуп, алардын оор тагдырлары тууралуу такай коомчулукка, бийликке эскертип, жазып турду. 2009-жылга карай Наталья Эстемирова "Мемориалдын" Грозныйдагы бөлүмүн жетектеп, Орусияда жана Европада түзүк эле таанымал болуп чыга келди. 2009-жылдын 15-июлунда таң эрте өзү жашаган көп кабаттуу үйдөн чыккан боюнча кайрылып келген эмес.

Кийин Эстемированы ак «Жигулиге» күчтөп салып кетишкенин, ал уурдап кетип атат деп кыйкырганын күбөлөр айтып беришкен. Башына жана көкүрөгүнө ок жеген Эстемированын сөөгүн ошол эле күнү коңшу Ингушетиядан, чоң жолдон анча алыс эмес жерден табышкан.

Наталья жалгыз бой эне, Лана Эстемирова анын жалгыз кызы эле. Апасын атып кетишкенде 15 жашта болчу. Ал эскерүү үчүн Москвага келген учурда «Настоящее время» телеканалына маек берди. Он жыл мурдагы каргашалуу күндү сүрөттөп айтып берүү алигиче оор дейт ал:

"Капыстан эле мага телефон чалынды. Биздин үй-бүлөгө жакын эмес эле бир аял өксөп ыйлап «Лана, сен алигиче билбейсиңби? Эч ким айтпадыбы?» деди. Эмнени десем, «Апаңды өлтүрүп кетишти» деди. Нес болуп калдым".

Тергөөнүн расмий версиясында бул кылмыш Эстемированын макалалары үчүн «согушкерлердин өчү» катары мүнөздөлгөн. Бирок укук коргоочулар, “Мемориалдын” өкүлдөрү Эстемированы Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коркутуп жүргөнүн билдиришкен.

Агездеги Орусиянын президенти Дмитрий Медведев буйрутма өлтүрүүнү Эстемированын укук коргоочулук ишмердигине байланыштырган. Бирок аны өлтүргөндөр да, өлтүрүүгө буйрук бергендер да алигиче белгисиз. Тергөө комитети акыркы ирет иликтөөнүн жүрүшү тууралуу 2013-жылы маалымат берген.

Лана Эстемирова
Лана Эстемирова

"Эч кандай жылыш жок. Ишти кароо кээде токтотулат. Кээде кайра жандантышат. Тергөөнүн расмий версиясы боюнча аны кайсы бир согушкер өлтүргөн имиш. Анын өзү да өлгөнүнө көп жыл болуптур. Бул версияга таптакыр ишенбейм. Апам өлтүрүлгөндөн кийин Орусияда жашай албасым түшүнүктүү болуп калды", - дейт Лана Эстемирова.

Ошондон соң ал «Орусия мекен болуудан калды» деп эсептеп, адегенде Чеченстандан чыгып кетет. 11-классты бүтөрү менен Оксфорд университетине тапшырып, тогуз жылдан бери Британияда жашайт.

"Азыр эми эч кимди сөөмөй менен сайып көрсөткүм келбейт. Анткени анын баары спекуляция болуп калары түшүнүктүү. Бирок мындай дейт элем, бул үчүн баары күнөөлүү. Бул үчүн Путин, Кадыров жана алар акыркы 20 жылда курган бүтүндөй система күнөөлүү. Бул системада кандайдыр кесепетинен коркпой чындыкты айтууга болбойт. Бул системада бийликтин аракетин же аракетсиздигин сындоого болбойт. Апам каршы күрөшкөн, жүздөгөн укук коргоочулар, журналисттер жана адвокаттар каршы күрөшкөн ушул система айыптуу", - деп эсептейт маркум укук коргоочунун кызы.

Кесиптешин эскерип пикетке чыккан укук коргоочулар. Москва, Кызыл аянт, 15-июль, 2019-жыл.
Кесиптешин эскерип пикетке чыккан укук коргоочулар. Москва, Кызыл аянт, 15-июль, 2019-жыл.

Эстемированы эскерип Москвада пикет өткөрүштү. “Мемориал”, Human Rights Watch, Amnesty International жана башка жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары билдирүү таратышты.

“Чеченстандагы одоно укук бузуу, сотсуз өлүм жазасы жана адам уурдоолорду иликтөөдөгү Наталья Эстемированын эрдиги жана жан аябастыгы теңдешсиз» - дейт Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Мари Стразерс.

“Орусия өкмөтү досубуз жана кесиптешибиз Наталья Эстемированын өлтүрүлүшүн натыйжалуу иликтейт деп алигиче күтүп келебиз”, - деп билдирет Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлү Таня Локшина.

“Мемориалдын” билдирүүсүндө Эстемирова “Чеченстанда адам укугун бузгандардын жазаланбай калышына каршы күрөшкөн” деп сыпатталат. Анын ишмердигинин натыйжасында Экинчи чечен согушу учурундагы кылмыштар, анын ичинде чечен жана орус күч түзүмдөрүнүн атайын операциялары учурундагы көптөгөн кылмыштары ачылган деп айтылат билдирүүдө. Эстемирова киши колдуу болгон соң чечен жергесинде карапайым эл укук коргоочуларга кайрылуудан коркуп калышканы, бийликтин басымы ого бетер күчөгөнү белгиленет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG