Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:54

Фарид Ниязов: Тергөө мени мыйзамсыз камап, башаламандык уюштургандарды калкалап жатат


Фарид Ниязов. Сүрөт 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында тартылган.
Фарид Ниязов. Сүрөт 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында тартылган.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 18-мартта адвокаттары аркылуу билдирүү таратты.

Анда ал күнөөсү жок болсо деле тергөө абагында камакта отурганын айтып, Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү чечимин саясий деп баалаган. 9-октябрда борбор шаарда болгон башаламандыкка айыпталгандардын баары үй камагына чыгып, бирок, өзүнүн абакта кармалып жатышына нааразылык билдирген.

"Соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр да акылга сыйбаган мындай чечимди өзү билип чыгармак эмес. Адвокаттар биздин күнөөсүз экенибизди ишенимдүү далилдеп жатышат. Бирок, тергөө мени мыйзамсыз камап, Ала-Тоо аянтында 2020-жылдын 9-октябрында болгон митингде адамдарды ур-токмокко алгандарды жана башаламандык уюштургандарды калкалап жатат. Беш ай бою унчуккан жокмун, маалымат каражаттарына да чыкпадым. 9-октябрда Ала-Тоо аянтында болгон тынчтык митингине катышкандардын арасынан жалгыз мен гана камакта калдым», - деп кайрылат Фарид Ниязов.

Ал Кыргызстанда саясий куугунтуктун арты жакшылык менен бүтпөй турганы 30 жыл ичинде айгине болгонун айткан. Акыркы мезгилде саясий оппоненттерди, башкача көз караштагы журналист, активист, блогерлерди куугунтуктоо күч алганын белгилеген.

Анын мындай билдирүүсүнө укук коргоо органдары жана бийлик тараптан комментарий боло элек.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды бошоткон.

Анын ичинде 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев менен кошо айыпталып, №1 тергөө изоляторунда кармалып турган Фарид Ниязов да бошотулган.

Камактан чыккандар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Бир нече киши жабыркаган жаңжал менен аяктаган окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон адамдар кайра кармалган, бир тобу сурак бергенден кийин коё берилген, дагы бир нечеси кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG