Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Фарид Ниязов 13-апрелге чейин камакта калды


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызды 18-мартта карады.

Жабык жараянда Ниязовдун камактагы мөөнөтүн 13-апрелге чейин узартуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды. Бул тууралуу КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдараак былтыр 9-октябрдагы жапырт башаламандыкты уюштурууга шектүү катары кармалган Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 13-апрелге чейин узарткан.

Адвокат Замир Жоошев анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу апелляциялык арыз менен шаардык сотко даттанган.

Фарид Ниязов адвокаттары аркылуу билдирүү таратып, Бишкек шаардык сотунун аны камакта калтырган чечимин "саясий негизде кабыл алынган" деп мүнөздөдү.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда түрмөдө отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды бошоткон.

Анын ичинде 2019-жылдын август айындагы Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаев менен кошо айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган Фарид Ниязов да бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Бир нече киши жабыркаган жаңжал менен аяктаган окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгогон.

Мурдагы президент баш болгон адамдар кайра кармалган, бир тобу сурак бергенден кийин кое берилген, дагы бир нечеси кийинчерээк үй камагына чыгарылган. (NT)

XS
SM
MD
LG