Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Муфтийликке талапкерлерди каттоо аяктады, сегиз кишиден арыз түштү


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты. Бишкек шаары.
Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы (муфтияттын) имараты. Бишкек шаары.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы 17-мартта муфтийликке арыздарды кабыл алып, каттоону аяктады.

Аалымдар кеңешинин катчылыгы билдиргендей, муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берди. Алар:

1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Жээналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов

Мындан тышкары Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды.

Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы документтерди карап чыккандан кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрөт.

Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда. (NT)

XS
SM
MD
LG