Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча жыйын өттү


Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. 2021-жылдын 18-марты. Тажикстан.
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны. 2021-жылдын 18-марты. Тажикстан.

Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстандан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев баштаган делегация барды.

Ташиев Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов менен чек араны аныктоо маселесин талкуулады.

Баткен облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусу өтүп, ага Баткен облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жергиликтүү элдин өз ара талаш-тартыштарын алдын алуу, аймак аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери да талкууланды.

Акыркы убактарда Баткен жана Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10 пайызга жакыны такталды. (BCh)

XS
SM
MD
LG