Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Новиков: Кыргызстанда ар бир төртүнчү мектепте таза суу жок


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

18-мартта биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкө аймактарындагы мугалимдер менен видео конференция өткөрдү. Анда ал мектептердеги таза суу көйгөйүн көтөрдү.

Новиков өлкөдөгү мектептердин 25,5% таза суу менен камсыз болбогонун айтып, ушундан улам балдарда ар түрдүү жугуштуу оорулар көп болушу мүмкүн экенин эскертти.

"Өлкөдө мектептерди каржылоо жаатында көйгөй бар экени жалпыга маалым. Кыска мөөнөт ичинде бул көйгөйдү бюджеттин эсебинен чече албайбыз. Бирок балдардын саламаттыгына сөзсүз мектептен көзөмөл салуу керек", - деп ар бир мектепке "Мектеп медайымы" долбоорун киргизүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстанда 2 236 мектеп бар. 2019-жылы эл аралык уюмдар өлкө мектептеринин таза суу, таза даараткана менен камсыз болуу көйгөйлөрүн иликтеп чыккан. Натыйжада аймактардагы мектептерде бул көйгөй курч экени аныкталган. (BCh)

XS
SM
MD
LG