Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Баткен менен Согди облус башчылары кызматташуу протоколун жаңылашты


Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзода кызматташуу протоколуна кол коюп жаткан учуру. 2021-жылдын 18-марты.
Өмүрбек Суваналиев менен Раджоббой Ахмадзода кызматташуу протоколуна кол коюп жаткан учуру. 2021-жылдын 18-марты.

2021-жылдын 17-18-мартында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда Тажикстандын Гулистон шаарында жолугушту.

Баткен облустук администрациясы кабарлагандай, жетекчилер чек аралаш аймакта акыркы учурларда орун алган курч окуяларды, эки тараптан тең чек араны мыйзамсыз кесип өтүп кармалган жарандардын маселелерин талкуулашты. Ошондой эле буга чейинки кол коюлган протоколдор менен нормативдик-укуктук документтерди аткарууга алуу жагын белгилешти.

Соңку жолугушууда Баткен облусу менен Согди облусунун ортосундагы чек арага байланышкан маселелерди чечүүнү тездетүү, аймакта коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кошуна элдердин ынтымагын бекемдөө менен чектеш аймактардын кызматташуусун жакшыртууга өзгөчө маани берилди.

Жыйынтыгында тараптар облустар аралык кызматташуу боюнча 10 пункттан турган протоколго кол коюшту.

Анда Кыргызстан менен Тажикстандын Өкмөттөр аралык комиссиясы тарабынан бекитилген буга чейинки макулдашуулар, келишимдер жана протоколдорду аткарууга алууну тийиштүү органдарга тапшыруу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жумушчу топ түзүү, терроризм, аткезчилик менен биргелешип күрөшүү сыяктуу маанилүү маселелер камтылган.

Эки тарап мындан ары облустар аралык кызматташууну жандантуу, жаралган көйгөйлөрдү бир тууган, кошуна эл катары сүйлөшүү жолу менен чечүүгө ишеним артаарын билдиришти.

Облус башчылары Суваналиев менен Ахмадзода пандемияга байланыштуу чек аралардын жабылышы, жергиликтүү элди турмуш-тиричиликке байланыштуу маселелерде бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылгандыгын, мындан улам конкреттүү кадамдарга баруу керектиги боюнча бир пикирге келишти. Мындан улам Лейлек районундагы «Кулунду», «Кайрагач», Баткен районундагы «Кызыл-Бел» көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу, жандантуу, жогорку бийлик органдарына маселени чечүү боюнча өз маалында сунуш берүү макулдашылды.

Ушул эле күнү Тажикстандын Согди облусунун Гулистон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны өткөнү да мурдараак кабарланган.

Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун башчылары 2020-жылы 21-22-февралда да жолугуп, кызматташуу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Андан мурдагы жылдары да ушул сыяктуу келишимдер кабыл алынып келчү. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG