Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:18

Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү эки айга узартылды


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Улуттук коопсуздук комитетинин(УКМК) мурдагы төрагасы, президенттикке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин камактагы мөөнөтү дагы эки айга, 25-майга чейин узартылды.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн, 19-мартта чыгарганын Сегизбаевдин адвокаттары билдиришти.

Сот имаратына анын тарапташтары, жакындары чогулуп, аны эркиндикке чыгарууну талап кылышты.

Абдил Сегизбаев сот залына кирип баратып тарапташтарына "мен эч качан сынбайм, чындык биз тарапта" деген сөздөрдү айтты.

УКМКнын мурдагы төрагасына карата жалпысынан 6 иш тергелип жатканын, алар “Белизгейт” окуясына, кызматтык батирлерди, бюджеттик акчаны бөлүштүрүүгө, жер тилкелерине, энчилүү курал менен сыйлоого байланыштуу экенин Башкы прокуратура 11-февралда кабарлаган.

Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган. Биринчи май райондук соту аны 25-мартка чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Сегизбаевди үй камагына чыгаруудан баш тарткан.

УКМКны 2016-2018-жылдарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген Сегизбаев 10-январдагы президенттик шайлоодо ат салышып, 1,46% добуш алган.

Камакка алынардын алдында ал өзүнө козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган. (NT)

XS
SM
MD
LG