Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

АКШ жана Кытай дипломаттары Анкорижде кайым айтышты

АКШнын Мамкатчысы Э.Блинкен (оңдо экинчи), АКШ Президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Ж. Салливан (оңдо), Кытай КП БК Тышкы иштер комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ян Цзечи (солдо экинчи) жана КЭРдин тышкы иштер министри Ван И (солдо). Анкориж, Аляска, АКШ. 18.3.2021.

АКШ менен КЭРдин дипломаттары 18-мартта президент Жо Байден кызматка киришкенден бери биринчи бетме-бет сүйлөшүүдө кагылыша кетишти. Бул тирешүү АКШнын бийлигинин Кытайдын буга чейинки жүрүм-турумун өзгөртүү ишаарасын көрүү үмүтүн жана мурдагы президент Доналд Трамптын бийлигинин тушунда бузулган эки тараптуу мамилелерди тез арада калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ишеничин азайтты.

Адатта, мындай жолугушууларда ачылыш сөздөрү бир нече мүнөткө гана созулат, бирок бул жолу эл арасындагы сейрек кездештирилген көрүнүш болду: эки делегация бири-биринин саясатын жекирген сөздөрүн ортого салып, ачылыш аземи бир сааттан ашык убакытка созулду.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Алясканын Анкориж шаарындагы жолугушуунун маанайына багыт берип, Кытай "дүйнөлүк туруктуулукту сактап келген жана эрежелерге негизделген тартипке коркунуч келтирет", – деп айтып, Кытайдын өлкөдөгү уйгур жана башка мусулман азчылыктарына каршы аракеттерине өзүнүн терең тынчсыздануусун билдирди.

Кытай Коммунисттик партиясынын дипломатиялык багытын башкарган жогорку жетекчиси, Кытай Компартиясынын Борбордук Комитетинин тышкы иштер боюнча комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ян Цзечи болсо Кытайдын ички иштерине АКШнын кийлигишүүсүнө караманча каршы экендигин айтып, ачуулануу менен жооп кайтарды.

Кытай КП БК Тышкы иштер боюнча комиссиясынын кеңсесинин башчысы Ян Цзечи (ортодо) жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И (солдо экинчи) АКШ-Кытай сүйлөшүүлөрүнүн ачылыш аземинде. “Капитан Кук” мейманканасы, Анкориж шаары, Аляска, АКШ. 2021-жылдын 18-марты.

Ошондой эле 71 жашка караган Ян Цзечи АКШны өзүнүн адам укуктары боюнча көйгөйлөрүн өзү чече албай жатат деп айыптап, Вашингтон "өз аброю жөнүндөгү сырткы бааны өзгөртүп, дүйнөнүн калган бөлүгүнө өз түшүнүгүндөгү демократиясын таңуулоону токтотсун", – деген сунушун айтты.

АКШнын Аляска аймагындагы Анкориш шаарында жайгашкан “Капитан Кук” мейманканасындагы бул жолугушууга Кытайдын азыркы тышкы иштер министри Ван И менен АКШнын Президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан да катышты.

Бул кайым айтышуудан кийин АКШ өкмөтүнүн бир расмий кызматкери Кытай дипломаты “калайык алдында көрүнүп коюуга умтулду”, – деген баасын айтты.

Жолугушуунун ирегесинде эки тарап тең өз ара аңдашуунун жаңы сересине көтөрүлүүгө тилек кылаарын айтышкан. Бирок 2 сааттык баарлашууда эч нерсе деле өзгөрбөйт ко деген маанай да чагылдырылган. (TT)

XS
SM
MD
LG