Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Блинкен АКШ-Жапония алакасын бекемдөөгө чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, коргоо министри Ллойд Остин жана Жапониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, коргоо министри Ллойд Остин жана Жапониянын тышкы иштер министри Тосимицу Мотэги

АКШнын мамлекетти катчысы Энтони Блинкен Жапония менен экономикалык жана коопсуздук багыттагы кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Блинкен Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин менен бирге 15-мартта башталган Токиого сапары учурунда билдирди.

Мамлекеттик катчынын жана Пентагондун башчысынын алгач Жапонияга, ал эми 18-марттан тартып Түштүк Кореяга барышы Жо Байдендин администрациясындагы жогорку даражалуу өкүлдөрдүн алгачкы чет элдик сапары болмокчу. Өткөн аптада АКШ, Жапония, Австралия жана Индиянын жетекчилери Quad альянсы деп аталган уюмдун алкагында онлайн-жолугушуу өткөргөн.

Төрт күндүк сапардын жүрүшүндө АКШ жана Жапония ортосундагы алакадан баштап Түштүк Кытай деңизиндеги кемелердин эркин жүрүшүнөн тартып, Түндүк Кореянын өзөктүк маселеси, Бирмадагы аскердик төңкөрүшкө чейин маселелер талкууланууда.

Жапон бизнесинин өкүлдөрү менен жолугушууда Энтони Блинкен Кошмо Штаттар менен Жапониянын экономикалык байланышын дүйнөдөгү эң бекем алака катары сыпаттады. Ал COVID-19 пандемиясы медициналык жабдыктардын баштап эң керектүү буюм-тайымдарды жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү көрсөткөнүн билдирди.

Блинкен жана Остин Жапонияда 17-мартка чейин болот, ал эми 18-мартта Сеулга барышат.

XS
SM
MD
LG