Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

УКМК депутат Марат Аманкуловду мыйзамсыз байыган деп шек саноодо


Марат Аманкулов 2020-жылдын октябрында өткөн шайлоо маалында "Биримдик" партиясынын лидерлеринин бири болгон.
Марат Аманкулов 2020-жылдын октябрында өткөн шайлоо маалында "Биримдик" партиясынын лидерлеринин бири болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык кылмыштарды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин «А.М.А» инициалдуу депутатынын мыйзамсыз баюу фактыларын аныкталды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз борбору кабарлады.

Тергөө учурунда такталгандай, депутат саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, анын жалпы суммасы анын расмий кирешесинен бир нече эсе жогору болгон.

Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган, байланышы бар адамдарга каттаткан. Анын ичинде соода жана көңүл ачуучу комплекстери, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак-жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттедж, 3 чоң үй жана ошондой эле, жогорку класстагы 5 автоунаасу бар. Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1,5 миллиард сомдон ашык.

Жогорудагы активдерди мыйзамдаштаруу максатында депутат «A.M.A.» аларды сатып алуудан мурун, өзүнө финансылык мекемелерден «насыя алган» деп жаздырып алган.

Депутат 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңешиндеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөндүгү божомолдонууда.

Учурда «А.М.А.» башка активдерин, ошондой эле, кылмыш жолу менен алынган каражаттарды легалдаштырууга катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бир катар маалымат каражаттары УКМК берген «А.М.А» аттуу инициалга ээ шектүү Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов экенин жазышты. Жогорку Кеңештин сайтында анын толук аты-жөнү Аманкулов Марат Аскерович деп көрсөтүлгөн.

Марат Аманкуловдун өзүнөн комментарий алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Аманкулов мурда ишкер болуп жүргөн. 2012-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, шаардык кеңештин төрагалыгын да аркалаган. Ушул эле партиядан 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган.

2020-жылкы прламенттик шайлоого «Биримдик» партиясын жетектеп чыккан. Октябрь окуяларынан кийин өлкөдө бийлик алмашкан соң лидерликти тапшырып берген болчу. (ErN)

XS
SM
MD
LG