Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

Шавкат Мирзиёев хансарай тууралуу суроого жооп берди


Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев “Азаттыктын” өзбек кызматынын иликтөөсүндө айтылган Шоввозсой эс алуу жайы боюнча комментарий берди. Президент Ташкент облусуна сапарынын жүрүшүндө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эс алуу жайы мамлекеттин карамагында экенин билдирди.

“Бул темир жол ишканасы мамлекетке караштуу. Ал жакта эч ким жашабайт, эч кимге өткөрүлүп берилген эмес. Мамлекеттин карамагындагы жай. Анын президентке эмне тиешеси бар? Эгер президент ал жакка барса, Өзбекстанга пайда алып келчү жогорку даражалуу киши менен гана барат”, - деп билдирди.

Мирзиёев журналисттерге кайрылып, “беш жылда канча жолу президент ал жакта эс алыптыр деген суроону эмнеге бербейсиңер?" деген собол таштады.

“Азаттыктын” өзбек кызматы 23-февралда Шавкат Мирзиёев үчүн курулган хансарай жөнүндө журналисттик иликтөө жарыялаган. Анда Ташкенттен 100 чакырым алыс Угам-Чаткал улуттук паркынын аймагында жайгашкан ажайып ак сарай Мирзиёев үчүн курулганы жөнүндө баяндалган. Иликтөө жергиликтүү жашоочулар, комплексти салган курулушчулар жана ал жайга тиешеси бар адамдар менен маектерге негизделген.

Резиденция деп аталган жайдын курулушу 2017-жылы башталып, дээрлик эки жылдан кийин бүткөн. Бул комплекстин курулушу тууралуу бир да расмий маалымат чыккан эмес. Ар кыл булактардын эсеби боюнча, эс алуучу жай бир нече 100 миллион долларга курулган. Маалыматтарга караганда, тоо арасындагы курулушту «Өзбекстан темир жолдору» компаниясы көзөмөлдөгөн.

Кийинчерээк «Өзбекстан темир жолдору» ишканасы иликтөөдө айтылган маалыматтарды «негизсиз жана жалган» деп төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG