Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Активист Эрлан Бекчоро уулу «Ханституцияга каршы» борборуна байланыштуу сурак берди


Эрлан Бекчоро уулу
Эрлан Бекчоро уулу

Журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал өзү «Фейсбуктагы» баракчасында кабарлады.

«Күбө катары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырылып, сурак берип чыктым. Жеңиш Молдокматов, Тилекмат Кудайбергенов жана «Ханституцияга каршы» борбор боюнча суроолор болду. Тергөөнүн купуя сырын сактоо боюнча кагазга кол коюп бергениме байланыштуу, сурактын жүрүшү боюнча айта албайм», -деп жазды ал.

Эрлан Бекчоро уулу 9-мартта Конституциянын жаңы редакциясына каршы пикетке катышкан.

15-мартта блогер Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) кармалып, ошол эле түнү анын үйүн жана ал мүчөлүк кылган «Ханституцияга каршы» кыймылынын кеңсесин күч органдары тинтүүгө алган.

Активист Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык башаламандыктар») менен айыпталып, бир айга камалды. (ErN)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG