Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Армениянын премьер-министри мөөнөтүнөн эрте парламенттик шайлоону 20-июнга дайындады


Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана "Бакыбат Армения" саясий партиясынын лидери Гагик Царукян. Ереван. 2021-жылдын 18-марты.
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жана "Бакыбат Армения" саясий партиясынын лидери Гагик Царукян. Ереван. 2021-жылдын 18-марты.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөдөгү саясий кризисти басаңдатуу максатында 18-мартта кезексиз парламенттик шайлоону дайындады.

Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозиция анын добуш берүү алдында кызматтан кетишин талап кылууда.

Парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Пашинян «Фейсбукка» өлкөдөгү парламенттик эрте шайлоо 20-июнда болот деп шардана кылды.

18-марттагы «Фейсбуктагы» армян тилиндеги жарыясында Н.Пашинян: «Бир нече мүнөт мурдараак «Бакыбат Армения» фракциясынын башчысы Гагик Царукян менен жолугушуу болду. Жолугушуу учурунда биз ички саясий кырдаалдан чыгуунун эң мыкты жолу – кезексиз парламенттик шайлоо экендигин тастыктадык. Армения Республикасынын Президенти, «Менин кадамым» фракциясы, «Агартылган Аястан (Армения)» фракциясынын башчысы Эдмон Марукян менен болгон талкууларды эске алуу менен, 20-июнда Армения Республикасында эрте шайлоо болот», – деп жазды.


Армения былтыр Азербайжандын аймагы болгон Тоолуу Карабактын 25 жылдан ашуун убакыттан бери армян куралдуу күчтөрүнө таянып, жергиликтүү армян жикчилдери көзөмөлдөп келген бир катар райондорун алты апталык согуштун натыйжасында түзүлгөн 9-ноябрдагы үч тараптуу келишимге ылайык Азербайжанга кайра өткөрүп берген болчу.

Бул жеңилиштен соң армян өкмөтү ички саясий тирешүүгө туш болду. Оппозиция Пашиняндын дароо кызматтан чегинишин талап кылса, Пашинян жана аны жактаган калк катмары бул талапты четке кагып келишет. (TT)

XS
SM
MD
LG