Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Буркини менен сууга түшүүгө каршы арыз өндүрүштөн кыскартылды


Буркиничен аялдар. Тунистеги пляж.
Буркиничен аялдар. Тунистеги пляж.

Ысык-Көлдөгү "Радуга West" эс алуу жайындагы бассейнге буркини (мусулман аялдардын сууга түшүүчү кийими) менен түшүүгө тыюу салынганына каршы арыз сотко чейинки өндүрүштөн кыскартылды.

Бул тууралуу укук коргоочу Эржан Сулайман "Азаттыкка" билдирди.

Укук коргоочу милициянын мындай аракети Жазык кодексинин 185-беренесине ("Адамдын тең укуктуулугун бузуу") каршы келерин айтууда.

""Радуга West" эс алуу борборунун администрациясы кечирим да сурашкан жок. Мусулман айымдарына тең укуктуу кызмат көрсөтүүдөн баш тартышты", - деди Эржан Сулайман.

Ал жакынкы күндөрү аталган эс алуу жайына каршы прокуратурага арыз менен менен кайрыла турганын кошумчалады.

Былтыр декабрда "Радуга West" пансионатына Кара-Балта шаарынын тургундары эс алганы барышкан. Алардын бассейнге буркини менен түшүүсүнө администрация уруксат берилген эмес. Эс алуучулар жана укук коргоочу Эржан Сулайманов муну адам укугун бузуу деп эсептеп, Акыйкатчы институту менен Ички иштер министрлигине кайрылган. Арызда "пансионат жетекчилиги эс алуучулардан кечирим сурасын жана буркини менен сууга түшүүгө уруксат берилсин" деген өтүнүч камтылган.

ИИМ ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгына жиберген. Ал жактан Ысык-Көл райондук милицияга тапшырылган. Ички иштер органы ишти өндүрүштөн быйыл 27-февралда "кылмыш же жорук окуясы болбогон" деген негизде кыскартканы белгилүү болду.

"Радуга West" пансионатынын администрациясынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. (NT)

XS
SM
MD
LG