Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Милиция тигүү цехинин жанындагы окуяны териштире баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте тигүү цехинин жанында болгон окуяга байланыштуу алты адам милицияда сурак берди, Жазык кодексинин “Ээнбаштык” деген беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу 27-мартта “Азаттык” радиосуна Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя ишембиге караган түнү Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева атындагы көчөсүндө болду. Милицияга арыз жазган аял белгисиз адамдар тобу тигүү цехине барып, ал жерде тигилүүчү товарды Орусияга экспорттогон тажик жарандары менен иштешүүнү токтотууну талап кылганына даттанган.

“Дордойдогу” соодагерлерлер менен ишкерлер ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехинин иши үзгүлтүккө учураганын “Азаттык” жакында кабарлаган. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган тажикстандык ишкерлердин “Дордойдогу” соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгону айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG